Эми Бишкек шаарындагы түнкү автобус каттамдарынын кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу көзөмөлдөөгө болот

 “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде жаңы “Түнкү каттамдар” кызматын ишке кирди.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, аталган кызмат “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыкты. Жаңы функция аркылуу колдонуучулар түнкү убакта каттаган коомдук транспорттун каттамдары тууралуу маалыматты ыкчам алып, өзүнө ылайыктуу маршрутту тандай алышат.

Учурда түнкү каттамдарды №3, №13, №16, №19, №35, №45 жана №55 автобустары аткарууда.

Түнкү каттамдар тууралуу маалыматты көрүү үчүн колдонуучулар “Менин шаарым” тиркемесин ачып, “Транспорт” бөлүмүнө өтүп, андан соң “Түнкү каттамдар” кызматын тандашы керек.