
Өкмөт Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасын жөнгө салуу эрежелерин өзгөрттү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы эрежеге ылайык, АИ-95 бензини социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен чыгарылды. Буга байланыштуу мамлекет анын баасын мындан ары көзөмөлдөбөйт.
Ал эми АИ-92 бензини жана дизель майы социалдык маанилүү товарлардын тизмесинде калды.
Чечим расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана АИ-95 бензининин баасы базардагы суроо-талапка жараша аныкталат.
Эске салсак, май айынын аягында бийлик күйүүчү-майлоочу материалдардын баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизген.






