
Быйылкы күз-кыш мезгилине республика боюнча жалпысынан 3 млн 408,566 миң тонна көмүр даярдоо каралган. Бул тууралуу маалымат Энергетика министрлигинде өткөн кеңешмеде айтылды.
Анын ичинен:
- бюджеттик мекемелер үчүн – 319,437 миң тонна;
- калк үчүн – 1 млн 483,629 миң тонна;
- Бишкек ЖЭБ үчүн – 1 млн 520 миң тонна.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков белгилегендей, Бишкек ЖЭБи үчүн даярдалуучу көмүрдүн курамына импорттук жана ата мекендик өндүрүштөгү жогорку калориялуу көмүр түрлөрү кирет. Бул жылуулук борборунун туруктуу иштөөсүн камсыздоого багытталган.
“Мындан тышкары, республика боюнча 45,532 миң тонна жылытуучу мазут даярдоо пландаштырылууда. Анын негизги бөлүгү Ош жана Бишкек шаарларындагы жылуулук объектилерине, ошондой эле муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканаларына багытталат. Аймактарда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча туруктуу иштеген штабдар түзүлүп, даярдык иштеринин жүрүшүнө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүүдө. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү бийлик органдары тарабынан отун базаларын уюштуруу, көмүр жеткирүү, бюджеттик мекемелерди даярдоо жана жылуулук объектилеринин ишенимдүү иштешин камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, – деди миристр.
Ал ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык – электр энергиясын өндүрүүчүлөрдөн тартып, тармактык ишканаларга, жергиликтүү бийлик органдарына жана керектөөчүлөргө чейинки бардык деңгээлдерди камтыган комплекстүү иш болуп саналарын белгиледи.
“Бул багыттагы негизги максат – калкты жана экономиканын бардык тармактарын электр энергиясы жана жылуулук менен туруктуу камсыз кылуу, энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана кышкы мезгилдеги мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын алуу”, – деп кошумчалады ал.






