
Авиакырсыктан кийин жабылган “Манас” эл аралык аэропорту ишин жандантты. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы кабарлады.
Эске салсак, кечээ түштөн кийин Бишкектен Ошко багыт алган Tez Jet компаниясынын учагы күүлөнүп баратканда арткы шассиси сынып кетип, самолет асманга көтөрүлө албай калган. Ичиндеги 181 жүргүнчү эвакуацияланып, жабыркагандар жок экени айтылган. Учуп-конуу тилкесине авиакеросин төгүлүп, мындан улам каттамдар токтотулуп, аэропорт жабылган болчу.
“Кырсыктаган учак учуп-конуу тилкесинен чыгарылды. Учурда адистер төгүлгөн авиакеросинди тазалап жатышат”, — деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча текшерүү башталды. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги текшерүү аяктаганга чейин Tez Jet компаниясынын бардык учактары учпай турганын билдирген.






