Кыргызстан жана Пакистандын президенттери Ысык-Көлдө жолугушту

Чолпон-Атада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын лидери Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуусу өттү. Мамлекет башчылары «Рух-Ордо» маданий борборунда жолугушуп, ал жерде ардактуу кароолдун жана этно-жоокерлердин катышуусунда салтанаттуу азем болуп өттү.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, «Рух-Ордо» маданий борборунун аймагына Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилген. Салтанаттуу аземге 40 этно-жоокер катышты. Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан ары президенттер сапты айланып өтүштү. Пакистандын лидери Асиф Али Зардари аскер кызматкерлерине салттуу «Салам, аскер!» сөзү менен кайрылды, андан кийин мамлекет башчылары расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышты.

Аземден кийин Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардари № 2 мамлекеттик резиденциясынын конгресс-холлуна багыт алышып, ал жерде протоколдук сүрөткө түшүү болду. Сапардын алкагында президенттер Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде саясий, экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүү багыттарын андан ары өнүктүрүүнү талкуулашат.