
Бишкекте милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузгандыгы үчүн үч чет элдик жаранды кармашты. Учурда аларды Кыргызстандан чыгаруу маселеси каралууда.
Ленин районунун ИИБинен билдиришкендей, кармалгандар 1987 жана 1989-жылы туулган чет элдик жарандар болуп чыкты. Милициянын маалыматы боюнча, алар коомдук жайда тартипти буруп, катуу ызы-чуу салып, айланадагыларга тоскоолдук жаратышкан. Мындан тышкары, алардын бири жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерине каршы келген иш-аракеттерди жасаган.
Үчүнө тең Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протоколдор түзүлдү. Андан соң алар Ленин районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милициядан кошумчалашкандай, учурда мыйзамдарга ылайык, аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу маселеси каралып жатат.
Укук коргоочулар Кыргызстандын жарандарын да, чет элдиктерди да коомдук тартипти сактоого, айланадагыларды сыйлоого жана мыйзам талаптарын бузбоого чакырат.






