
Ысык-Көл облусундагы бир катар пансионаттардын аймагында пландан тышкары текшерүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгында ондогон мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, инспекторлор Бишкек экологиялык прокуратурасы менен биргеликте административдик укук бузуулар тууралуу 54 протокол түзүштү.
Аныкталган эреже бузуулардын негизинде жалпысынан 767 миң сомдук айып пул салынды. Эс алуу жайларынын ээлерине бардык кемчиликтердин көзүн тез арада тазалоо боюнча аткарылышы милдеттүү болгон эскертүүлөр берилди.
Ведомстводон көзөмөл иш-чаралары дагы улантыларын белгилешти. Экономика министрлигинен тиешелүү макулдук алынгандан кийин, Ысык-Көл облусундагы башка эс алуу жайларында да ушундай эле пландан тышкары текшерүүлөр жүргүзүлөт.






