
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери «Чалдыбар» өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан курама постто Казакстандан Кыргызстан аймагына коон партиясын алып кирүүгө бөгөт коюшту.
Департаменттин маалыматы боюнча, Кыргызстан аймагына 1 миң 700 килограмм коонду алып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
Фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон карантин алдындагы продукциянын партиясына фитосанитардык сертификат жок болгондугуна байланыштуу жүк жөнөтүүчүгө кайтарылды.






