Кыргызстанда мектептик билим берүү системасы өзгөрдү

Кыргызстанда мектептик билим берүү 12 жылдык системага расмий өттү. Министрлер кабинети тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизип, окуу түзүмүн 6+3+3 форматына ылайык кайра бекитти.

Мында алгачкы 6 жыл башталгыч билим берүү баскычы болсо, негизги (7-8-9-класс) жана жогорку (10-11-12-класс) баскычтар үч жылдан болот.

Ошондой эле окуу жылы 1-класстар үчүн 32 жума, 2-класстар үчүн 33 жума, ал эми калган класстар үчүн 34 жумага созулат.

Окуу жылынын ичиндеги каникулдардын жалпы узактыгы 30 күндөн, ал эми жайкы каникул 14 жумадан кем болбошу керек.

Мындан тышкары, балдарды 5 же 6 күндүк тартип менен окутууга уруксат берилди.