
Бишкек шаардык кеңешине эки жаңы депутат келди. Бүгүн БШКнын кезектеги сессиясында Руслан Шаршенбай уулу жана Алмаз Шананов ант беришти.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын эң көп добушун алган кезектеги талапкерлер — «Ынтымак» саясий партиясынан Алмаз Шанановго жана «Эмгек» саясий партиясынан Руслан Шаршенбай уулуна Бишкек шаардык кеңешинин бош калган мандаттары берилгендигин билдирген.







