Суу жана канализация кызматтарынын тарифтери жогорулайт

Бишкек шаардык кеңеши бир куб метр үчүн төмөнкү кызматтардын бирдиктүү тарифин бекитти:

* суу менен камсыздоо — 15,73 сом;

* канализация — 6,8 сом.

Учурда калк үчүн колдонулуп жаткан тарифтер: суу үчүн 10,45 сом, канализация үчүн 3,45 сом. Демек, бул кызматтардын баасы дээрлик 50 пайызга жогорулайт.