Эсеп палатасынын кызматкери 900 миң сом пара алууга шек саналып кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору (Д.М.Ы) пара алуу фактысы боюнча кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө ал жердеги айрым финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн 900 миң сом алган деп шек саналууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (“Ири өлчөмдө пара алуу”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү 26-июнда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат ушул тапта кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.