
Бишкекте Семетей көчөсүндөгү реконструкция иштерине байланыштуу 6 автобустук каттамдын кыймыл чиймелери убактылуу өзгөртүлөт
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган унаа жолдун Садырбаев көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү реконструкцияланат.
Өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: № 1, № 8, № 33, № 55, № 56 жана № 103.
Реконструкция иштери аяктаганга чейин автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттап, жүргүнчүлөрдү тейлөөнү улантаары айтылды.











