Кыргызстандын саламаттык сактоо тажрыйбасы дүйнөгө тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда өтүп жаткан «Жибек жолу» Синьцзян саламаттык сактоо форумуна катышууда.

Форумдун алкагында Бакытбек Кадыралиев баяндама жасады.

 «Бүгүнкү күндө биздин милдетибиз — ар бир бейтап, жашаган жерине карабастан, өмүргө зарыл болгон медициналык жардамды өз убагында ала ала турган тутумду куруу болуп саналат. Заманбап саламаттык сактоо тармагы имараттардын же жабдуулардын саны менен эмес, инсульт, инфаркт же башка шашылыш абалга кабылган бейтаптын адистерге канчалык тез жеткендиги менен бааланат. Дал ушул себептен Кыргызстан бейтаптарды багыттоонун (маршрутизациялоонун) бирдиктүү тутумун ырааттуу түрдө өнүктүрүп, кан тамыр борборлорун чыңдап жана тез жардам көрсөтүүнү уюштурууга заманбап ыкмаларды киргизүүдө. Биздин башкы максатыбыз — мүмкүн болушунча көп адамдын өмүрүн сактап калуу», — деп белгиледи өз баяндамасында Бакытбек Кадыралиев.