
Бишкектин Ленин райондук соту 15-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Маалыматты “Азаттыкка” Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Куванычбек Конгантиевди март айында кармап, Ленин райондук соту аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдаланып, жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шек саналууда. Бул факты боюнча 10-мартта кылмыш иши козголгон. Иш кайсыл берене менен ачылганы белгисиз.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-мартта Куванычбек Конгантиевди өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыраткан.
45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген. Ал мандатын эмне себептен тапшырганы тууралуу комментарий берген эмес. Ал Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.
9-мартта социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланган. Анда ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай имараттарды салганы айтылат. Аларды апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.
“Азаттык” 10-мартта бул видео боюнча комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиевге байланышканда кийинчерээк телефон чалып коёрун айтып, ошол бойдон байланышка чыккан эмес. Анын адвокаты же жакындары да козголгон кылмыш иши тууралуу үн ката элек.






