15 мүнөт акысыз. Бишкекте унаа токтоочу жай сыноо иретинде иштеп баштады

 Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайда сааттык төлөм системасы сыноо режиминде ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа токтотуучу жай Жеңиш аянтынын аймагында (Шопоков көчөсүнүн чыгыш тарабында, “One Group” соода борбору менен Жеңиш аянтынын ортосундагы тилкеде) жайгашкан.

Анда 95 унаага ылайыкталган орун бар жана 24 саат бою иштейт.

  • алгачкы 15 мүнөт — акысыз;
  • биринчи эки саатка унаа токтотуунун баасы 50 сом;
  • кийинки ар бир саат үчүн 10 сомдон алынат.

“Сыноо мезгилинин жыйынтыгы боюнча киргизилген системанын натыйжалуулугуна анализ жүргүзүлөт. Жыйынтыгында шаардын аймагындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайларды мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалат”, – деп белгилешти мэриядан.