Балыкчыда милиционер төрт күндө эки өмүрдү сактап калды

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери Бейшенбек Теңизбеков Балыкчы шаарында сууга чөккөн эки адамдын өмүрүн сактап калды.

Ведомстводон маалымдашкандай, биринчи окуяда, ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп, сууда кыймылсыз жаткан 9 жаштагы баланы байкап, жээкке чыгарып, алгачкы медициналык жардам көрсөткөн.

Арадан төрт күн өткөндөн кийин, кызматтан тышкаркы убакта дагы бир жолу жардамга муктаж өспүрүмгө туш болгон. Милиция кызматкери реанимациялык чараларды ийгиликтүү жүргүзүп, 18 жаштагы өспүрүмдү аман алып калган.

Милиция кызматкеринин бул эрдиги ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн үлгү катары белгиленди.