Өзбекстандан келген 650 килограмм колбаса артка кайтарылды

Ош облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунда Өзбекстандан ташылып келе жаткан 650 килограмм колбаса азыктарын Кыргызстан аймагына алып кирүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.

Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан жүктү текшерүү учурунда Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарын бузуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, продукциянын маркировкасы жок экени жана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербей турганы аныкталган.

Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде жүктү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок. Инспекторлор тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жүк «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Өзбекстан Республикасына кайтарылды.

Ветеринардык көзөмөл мамлекеттик чек ара аркылуу ташылып өтүүчү жаныбарлардан алынган продукциялардын коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкө аймагына ветеринардык талаптарга жооп бербеген товарлардын кирүүсүнө жол бербөөгө багытталган.