Кыргызстандык спортчу Эрлан Султангазиев Азия чемпионатында күмүш медаль утту

Кытай Эл Республикасынын Хефей шаарында 2026-жылдын 24—26-апрель күндөрү байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Эрлан Султангазиев байдарка-одиночка түрүндө 200 метр аралыкта күмүш медаль тагынды.

Бул ири мелдешке Азиянын 19 өлкөсүнөн спортчулар катышууда.

Кыргызстандын атынан чемпионатка 3 спортчу катышууда: Эрлан Султангазиев , Родион Туйгунов жана Рысбек Толомушев . Команданы башкы машыктыруучу Олег Роганов жетектөөдө.