
Кыргызстанда күчү болжол менен 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 27-апрелде саат 2.30да катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Коргон айылынан түштүк-чыгышты көздөй 21 чакырым, ал эми Баткен шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 62 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Коргон айылында болжол менен 2,5 баллга жеткен.






