Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда таштар түшүрүлүп, каттамга чектөө кирет

Боомдо кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-апрелден 30-апрелге чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3886-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Таш түшүрүү иштери аба ырайынын шартына жараша, күндүзгү саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул убакыт аралыгында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан унаа жолу жарым-жартылай жабылат.

Жол кыймылынын тартиби:

  • Таш түшүрүү учурунда унаалар бир тилке менен гана өткөрүлөт.
  • Эгерде жолдо 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таш түшүрүү токтотулуп, унааларга жол ачылат.

Бул иш-чаралар унаа жана темир жол каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.