Кыргызстанда Курман айт намазы мечиттерде окулат

Бишкекте Курман айт майрамына карата айт намазы Эски аянтта окулбайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 16-июнга белгиленген Курман айт майрамына карата айт намаздар жер-жерлердеги жума мечиттерде окулат.

Айт намаздын программасы:

  • 06:15-07:25 — баяндар;
  • 07:25-7:30 — Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу;
  • 07:30 — Курман айт намазы.