Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө болду

Жер титирөө Ош облусунун бир катар айылдарында сезилди

Бүгүн саат 12:27де кыргыз-тажик чек арасында очогунда күчү 4 баллга жакын жер титирөө катталды.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Дароот-Коргон айылынан 27 чакырым, Ош шаарынан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү: Дароот-Коргон, Ачык-Суу, Кара-Шыбак, Жар-Башы айылдарында 3 балл, Карамык, Шибээ, Кулчу, Чак айылдарында 3 балл, Кызыл-Эшмеде — 2,5 балл болду.