“Тазалык” ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

“Тазалык” муниципалдык ишканасына Жолдош Чуштуков жетекчи болуп дайындалды. Мэриядан билдиришкендей, жаңы жетекчи эмгек жамаатка тааныштырылды.

Маалымдалгандай, жаңы башчыны “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине Рамиз Алиев тааныштырды.

Белгилесек, “Тазалыктын” жетекчиси Рамиз Алиев 6-майда Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары кызматына дайындалган.