Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды 

Бишкекте бүгүн, 8-майда саат 11:20лар чамасында Чүй проспекти менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде Тез жардам кызматынын унаасы менен Toyota үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок.

Жол кырсыгынын кесепетинен материалдык чыгым келтирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат, тиешелүү экспертизалар дайындалды.