Сузактагы кырсык. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен комиссия түзүлдү

Президент Садыр Жапаров 2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жерге-Тал айылында жүк ташуучу Porter унаасы өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүүнү тапшырды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, комиссиянын курамына тиешелүү тармактык министрликтердин, президенттин администрациясынын өкүлдөрү кирди. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

Мамлекет башчысынын атынан жабыркагандарга финансылык жардам көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаровго балдардын ден соолугунун абалы тууралуу улам-улам маалымат берилип турат.