Сузакта балмуздак ташуучу унаа 29 баланы сүзүп кетти. 7 бала жандандыруу бөлүмүндө

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бүгүн, 2-майда саат 13:30да балмуздак жүктөлгөн жүк ташуучу кичи унаа 29 баланы сүзүп кетти.

Саламаттык сактоо министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, жабырлануучулар 9 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучулары. Азыркы учурда бала облустук ооруканага жаткырылды, алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, үчөөнүн абалы оор деп бааланууда. Сузак райондук оруканасына 3 жана Жалпы дарыгердик практ ика борборуна 8 бала жеткирилген. Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Окуя болгон жерде 11 бала биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн, алар үйдөн дарыланууга жөнөтүлгөн.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучуларга жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алып, аларды сапаттуу медициналык жардам менен камсыздоону тапшырды.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсык билим берүү уюмдары т арабынан уюштурулган “манас айтуу” иш-чарасына учурунда болгон.

взял под личный контроль вопрос оказания помощи пострадавшим и поручил обеспечить им качественную медпомощь и обеспечения медикаментами.