Садыр Жапаров Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды 

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда массалык иш-чара учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кетип жабыркаган балдардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эске салсак, аталган окуяда жабыркаган балдардын абалы оор деп эсептелген оноо кечээ, 3-майда, атайын борт менен Бишкекке жеткирилген.

“Мамлекет башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана коштоп келген туугандары менен баарлашты. Балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартууну, зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырды.

Президент Садыр Жапаров балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүдө болгон окуяны терең өкүнүү менен белгилеп, массалык иш-чарадагы коопсуздук чараларына кайдыгер мамиле кылгандарга комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгиледи”, – деген Алагөзов.