УКМК “Беш-Сары” соода борборунун директору — Бишкек шаардык кеңешинин депутатын кармады

 “Беш-Сары” соода борборунун директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК “Беш-Сары” ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан жеке менчикти ыйгарып алуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү боюнча алдамчылык фактысын аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысын да аныктады.

Белгилүү болгондой, “Беш-Сары” ЖЧКсынын директору Ж.Н.К. 2023-жылдын ноябрь айында компетенттүү органдар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, аталган соода-базар комплексинде соода иши менен алектенген ишкерлердин ижара акысы 30% га төмөндөтүлгөнүн, аталган ЖЧКнын жетекчилиги санариптик экономикага акырындык менен өтүү боюнча бийликтин саясатын колдоо зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирген.

Деген менен, аталган уюмдун жетекчилиги 2024-жылдын май айынан тарта ижара акысы үчүн мурдагы бааларды кайтаруу жана жогорулатууну көздөгөн. Мындай кадам “Беш-Сары” соода түйүнүндө жеке ишкерлик менен алектенген ишкерлердин нааразылыгынын өсүүсүнө түрткү болгон.

2024-жылдын 29-апрелинде КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, “Беш-Сары” ЖЧКсынын директору Ж.Н.К кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК буга чейин КР министрлер кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында соода жана оюн-зоок комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында соода орундары үчүн ижара акысынын наркын төмөндөтүү, ошондой эле жеке ишкерлерге жана ижарачыларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашуу болгонун эскертет.