Акылбек Жапаров Ага Хан Маданият Трастынын башкы директору Луи Монреал менен жолугушту 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ага Хан Маданият Трастынын башкы директору Луис Монреал менен жолугушту.
Акылбек Жапаров белгилегендей, Ага Хан Өнүктүрүү Тармагы (АКДН) Кыргызстандагы ишмердүүлүгүндө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, микрофинансылоо, чакан бизнести өнүктүрүү, инфраструктура, туризм, банк иши жана маданий кайра жаралуу сыяктуу тармактарда коомдун турмушунда оң өзгөрүүлөрдү жасады.

Минкаб башчысы Кыргызстандын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын жаштарына сапаттуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Борбордук Азия университетинин ишмердүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Ага Хан Маданият Трастынын башкы директору Луи Монреал өз кезегинде уюм республика үчүн артыкчылыктуу тармактарда кызматташууну бекемдөөгө умтулаарын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагын реформалоо, маданий мурастардын көп түрдүүлүгүн сактоо, ошондой эле Мукаш Абдраев атындагы Республикалык орто адистештирилген музыкалык мектеп-интернатында билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу боюнча демилгелердин алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Иш-чаранын катышуучуларына мектепти реконструкциялоо боюнча презентация тартууланды.