Турсунтай Салимовдун уулу кылмыштуу топту каржылаган деп кармалды

“Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо” боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Мадина” базарынын негиздөөчүсү Т.Салимовдун уулу С.И.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, С.И.Т. маркум К.Көлбаевдин кылмыштуу ишмердигин билип туруп, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), анын ичинде кылмыштуу каражаттарды кыймылсыз мүлккө салуу боюнча аракеттерди жүргүзгөндүгү аныкталган.

Аны менен бирге “Мадина” соода комплексинин коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган К.С. кармалды. Ал Көлбаевдин кылмыштуу ишмердүүлүгүн билип туруп, анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен тил табышып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келген.

Коопсуздук комитеттен кошумчалашкандай, К.С. 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлүп, ал Көлбаевдин квотасы боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген.

Учурда тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.