Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиева депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча доо арыз менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган. Доомат депутаттын 2024-жылдын 14-мартында Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу.

Жактоочу белгилегендей, Бейшеналиев чиновниктер сынга алынышы мүмкүн экенин түшүнүү менен кабыл алат.

“Бирок ошол эле учурда конструктивдүү сын менен негизсиз каралоонун, адамдын кадыр-баркын, аброюна шек келтирип, кемсинтүү максатын көздөгөн каралоодон айырмалоо зарыл”, – деди адвокат.

Министр депутаттын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирип, чындыкка дал келбеген билдирүүсүн жокко чыгарууну жана моралдык зыян үчүн 10 миң сом төлөөнү сотко милдеттендирет дейт жактоочу.