Эл аралык донорлор Кыргызстанга 12 жылдык билим берүү системасын таңуулаган жок — министр

 Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында эл аралык донорлор Кыргызстанга 12 жылдык билим берүү системасын таңуулап жатат деген кептерди төгүндөдү.

Министр бул маалыматтар чындыкка дал келбей тургандаган баса белгиледи.

“Андай эч нерсе жок. Кыргызстандын билим берүү эгемендиги бар жана бизге эч ким өз оюн таңуулай албайт. Бирок биз БУУнун мүчөсү экендигибизди эске алуубуз керек. Балким кийинчерээк класстарды жабдуу үчүн гранттарды алышыбыз мүмкүн”, – деди министр.