Садыр Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жолдоду.

“Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта “Крокус Сити Холлдо” көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм.

​Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.