Тажикистандагы жер титирөө Оштун аймагында 4 баллга чейин сезилди

 Коңшу Тажикистандагы жер титирөө Ош облусунун аймагында да сезилди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 9:47де Тажикистандын аймагында катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга (Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Карамык айылынан 15 чакырым түштүктө, Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.