Улуттук госпиталда бейтаптын тууганы нөөмөттөгү дарыгерди сабап салган

30-декабрда Улуттук госпиталдын экинчи неврология бөлүмүндө бейтаптын тууганы нөөмөттөгү дарыгерди сабап, чачынан жулуп салган. Бул тууралуу далилдүү медицина боюнча эксперт, Көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова Фейсбук баракчасына жазды.

“Дигнозу инсульт эмес, бейтаптын өмүрүнө коркунуч жок, жөн эле сасык тумоо жана температурасы 38 экенин билип, нөөмөттөгү дарыгердин жообуна канааттанбаган бейтаптын эжеси дарыгерди ур-токмокко алып, чачынан жулуп, башына тээп баштаган. Медайымдар чуркап келип, дарыгерди кол салып жаткан адамдын колунан бошотуп алганча, жулунган чачтары томолоктошуп, кабыл алуу бөлмөсүнүн полуна жатты”, – деди Барыктабасова.

Дарыгердин кийимдеринде кол салган адамдын өтүгүнүн тактары калган. Мындан кийин бейтап жана анын тууганы качып кетишкен, бирок милиция кызматкерлери аларды табышкан.

Милицияда дарыгерге кол салган тарап дарыгер 29-декабрдан 30-январга караган түнү мас абалында болгон деп жатат. Бирок, бул окуядан кийин жабырлануучу анализ (кан) тапшырып, судмедэкспертизадан өткөн. Жыйынтык таза чыккан. Экспертиза дарыгердин жабык баш мээси жабыркап, баш мээси чайкалганын көрсөткөн.

“Видеолордон бейтапка убагында көңүл бурулуп, текшерүүгө алынып, меджардам көрсөтүлгөнү көрүнүп турат. Бул учурда бейтаптын туугандары дарыгердин ишине тоскоолдук жаратвп жатканын көрүүгө болот. Кийин инсульт эмес экенин, экзамен тапшыра албай калганы үчүн стресске психологиялык реакция экенин нөөмөттөгү дарыгер айтканда байтаптын тууганы ага кол көтөргөн.

Дарыгерге кезегин күтүп жаткан дагы бир бейтаптын тууганы жардам берип, аны кол салып жаткандардан куткарууга аракет кылган. Тилекке каршы, дарыгер башка келген бейтаптарга жардам да көрсөтө алган жок, анткени ал өзү нейротравма менен ооруканага жатып калган”, – деп кошумчалады ал.

Барктабасованын айтымында, дарыгер азыр да стрессте. Жумуштан кетем деп ишке чыкпай жатат.

“Ошол эле учурда тергөөчү дагы бардык далилдерди жоготууну көздөп жатат: лабораториядан анализдерди алуудан баш тартты, кечиктирип жатат, жарашууга ыктайт, түз эле айтат, эч нерсе болбойт, дарылануу үчүн компенсация алсын деп. Ал эми бейбаштык боюнча айыпталган адамды таптакыр кое берип койгон. Анын айтымында, ал 3-январда Россияга кеткен. Эгер ал өз убагында жумушун аткарганда аэропорттон эч жакка чыгарылмак эмес жана ал эч жакка кетпөө тууралуу тилкатка ээ болмок. Келтирилген чыгым үчүн төлөнүүчү 100 миң сом кол салган адамдын апасынын кыжырын келтирип, ал бүтүндөй элди, прокуратураны жана Саламаттыкты сактоо министрлигин көтөрөм деп доктурга кайрадан кол көтөрө жаздады.

“Эч нерсе иштебейт… Дарыгерлерди жок кылып жатышат”, – деп сөзүн жыйынтыктады Барыктабасова.