Прокуратура Балыкчы шаарында кызды унаа сүзүп кеткен факты боюнча кылмыш ишин козгоду

Прокуратура Балыкчы шаарында кызды унаа сүзүп кеткен факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 26-январда Балыкчы шаарында өспүрүм кызды унаа сүзүп, унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу – этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголду.

Ошондой эле аталган факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу – этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун”) менен кылмыш иши козголгон.

Облустук прокуратура жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырды.

Учурда иш боюнча ыкчам түрдө тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, анын жүрүшү КР Башкы прокурорунун контролунда турат.