Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 8-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда тараптар КР саламаттык сактоо министри катыша турган Глобалдык саламаттык сактоо коопсуздугу саммитинде карала турган маселелерди талкуулашты.

Исламабад шаарында 10-11-январга белгиленген саммитте жугуштуу оорулардын коркунучтарына жооп бере ала турган жана алдын ала турган күчтүү жана туруктуу коомдук саламаттык сактоо системасын куруу боюнча глобалдык аракеттер талкууланат.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Пакистандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана медициналык университеттерде студенттерди алмашуу программасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ошондой эле фармацевтика тармагындагы кызматташуу, атап айтканда Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди мындан ары өнүктүрүү максатында Глобалдык саммиттин алкагында тиешелүү тараптар менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөрү белгилүү болду.