Туунун авторлору өлкөнүн башкы символуна киргизилген өзгөртүүлөргө комментарий беришти

 Бүгүн, 8-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү. Аземге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар катышты.

Ошондой эле аземге катышкан туунун авторлору Бекбоосун Жайчыбеков жана Жусуп Мамаев киргизилген өзгөртүүлөргө комментарий беришти.

Бекбоосун Жайчыбеков:

“Желек көтөрүлөрүн айтышканда, сүйүндүм, кандай өзгөрүүлөр болсо дагы, менин желегим катары кабыл алынды. Ошон үчүн маанайым көтөрүлдү, абдан кубанычтамын”.

Жусуп Мамаев:

“Желек көп деле өзгөргөн жок. Бул дагы эле биздин желегибиз. Болгону, нурлар түз болуп, түндүк чоң боз үйдүкүндөй болуп калды. Калганынын баары – түсү, контраст жана түзүлүшү ошол эле бойдон калды».