УКМК: Соцтармак аркылуу жалган маалымат тараткан адамдын өздүгү аныкталды 

Социалдык тармак аркылуу жалган маалымат тараткан адамдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Фейсбук социалдык тармагында “Сейит Ажыкан” аттуу колдонуучу Мамлекеттик бажы кызматында криминалдык авторитет Камчы Асанбек жана Раим Матраимов менен байланышы үчүн кызматынан бошотулгандардын ордуна КР президентинин жана УКМКнын төрагасынын адамдары алынып жатат деп тараткан маалымат чындыкка дал келбесин билдирет. Бош орундарга кабыл алуу сынактын жана кадрдык резервдин негизинде жүргүзүлөт.

Ошону менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде “Сейит Ажыкан” аккаунтунун колдонуучусу Россиянын жараны, Талас облусунда 1979-жылы туулган улуту кыргыз, Ажыканов Сейитбек Кадыркулович экени аныкталды, ал учурда АКШда жашайт.

С.Ажыканов “Тилекмат Куренов” деп таанылган Кудайберди уулу Тилекматтын жакыны жана өнөктөшү. С.Ажыкановго карата башка колдо болгон материалдардын негизинде Кыргызстандын аймагында массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК атайылап жалган маалымат таратуу үчүн КР мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.