Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө түнкү саат 03:32де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.