USAID Кыргызстандагы мамлекеттик мектептерге 1,8 млн балдар китептерин берди 

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) “Окуу керемет!” долбоору аркылуу Кыргызстандагы 1 миң 681 мамлекеттик мектепке 1 млн 790 миң 30 даана балдар китептерин тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, китептерди расмий тапшыруу аземи 12-декабрда Бишкектеги №21 орто мектепте өтүп, ага билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев жана USAIDдин миссиясынын директору Кая Адамс катышты.

Муратбек Касымалиев өз сөзүндө бул китептер жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор тарабынан балдардын жаш курагын жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккандыгын айтып, мындай китептердин балдарга өз эне тилинде, өзгөчө кыргыз тилинде жеткиликтүүлүгү бизди кубандырат деп белгиледи.

“Окуу үчүн бекем пайдубалды түзүү менен биз ар бир баланын жаркын келечегин камсыздай алабыз жана бирге күчтүү мамлекет курууга салымыбызды кошобуз”, – деди USAIDдин миссиясынын директору Кая Адамс.Маалымат үчүн: Бул китептер – 2020-жылдан бери ар кандай жанрдагы 1500гө жакын жаңы аталыштагы балдар китептерин жараткан 60 жергиликтүү автор менен 30 иллюстратордун биргелешкен эмгегинин жемиши. “Окуу керемет!” долбоорунун китептери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук китепкана сайтында жана сайтында жеткиликтүү