Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $10,8 млрд түздү

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 10,8 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2 пайызга көп.

“Мында экспорттук жеткирүүлөр 49,6 пайызга, ал эми импорттук түшүүлөр 21,6 пайызга көбөйдү”, – деп түшүндүрдү ал.

Төраганын орун басары кошумчалагандай, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү жылдын январь-сентябрь айларында 3 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 9,2 пайызга төмөндөдү. Бул мезгил ичинде республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң жогорку үлүшү Россияга (65,3 пайыз) жана Казакстанга (32,4 пайыз) туура келди.