Бишкектеги А. Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрт чыккан батирдин ичинен эки адам куткарылды, андан тышкары, көп кабаттуу үйдүн 9-10-кабатындагы батирлерден 20 киши эвакуацияланды.
Жерине 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана атайын штаб тартылды.