Балдары менен өлтүрүлгөн аял. Сот Аширалиев менен маркумдун жазылган сөзүн укту

Киши колдуу болгон эне-балдардын жакындары талап кылган 4 миллион сом компенсация кайрымдуулукка жумшаларын айтышкан.

Бишкекте өлтүрүлгөн бир үй-бүлөнүн иши боюнча сот уланууда. Бүгүнкү отурумда маркум Алтынай Канзаманованын ноутбугунда сакталган аудиобилдирүүлөр угузулду.

Эскерте кетсек, үрөй учурган каргаша үстүбүздөгү жылдын 16-февралында 5-кичи райондогу батирлердин биринде болгон. Анда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектелип УКМКнын мурдагы кызматкери 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Жактоочунун айтымында, маркумдун компьютериндеги сыр сөзүн жакында эле ача алышкан.

Сот Алтынай Канзаманова менен Чынтемир Аширалиевдин 2015-жылдагы сүйлөшүүлөрүн угуп чыккан. Анда маркум карызды кайтарууну талап кылган. Аудиобилдирүүлөрдүн биринде алар Казакстандагы (Медео) мейманканалардын биринен номер тандап жатканы угулган.

Адвокат бул маалыматтар маркум менен соттолуучунун ортосунда мамиле болгонуна далил экенин айтты. Аширалиев буга чейин экөөнүн эч кандай байланышы жок экендигин жана аял ага карыз экенин билдирген эле.

Киши колдуу болгон эне-баланын жакындары талап кылынган 4 миллион сом компенсация кайрымдуулукка жумшаларын айтышкан.