Караколдо изделип жаткан баланын сөөгү табылды. Иш иликтенүүдө

Караколдо 13 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү стадиондун айланасынан табылганын Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБ тастыктап, 30-октябрь күнү саат 12:30дар чамасында укук коргоо органдарына жергиликтүү тургун 13 жаштагы уулу мектепке чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылганын билдирди.

“Тартип сакчылар жоголгон баланы издеп баштаган. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар шаардык стадиондун жанындагы тереңдиги төрт метрлик чуңкурда өспүрүмдүн сөөгү жатканы тууралуу милицияга кабарлашкан. Ал буга чейин изделип жаткан окуучу болуп чыкты. Бул факт каттоого алынып, соттук-медициналык текшерүү дайындалды”, — деп жазылат кабарда.

ОИИБ баланын өлүмүнүн себептери такталып жатканын, иликтөө башталганын кошумчалады.