Талас областынын аймагында “Арсенал” аттуу рейддик иш-чара  жүрүүдө.

Манас РИИБдин кызматкерлери “Арсенал” рейддик иш-чарасында мыйзамсыз сактоодогу ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды аныктоо максатында Манас районунун айыл аймактарында мыйзамсыз сактоодо турган ар кандай ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруу жана ок атуучу куралдарды мыйзамдаштыруу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле көчмө кабылдама менен  ар кандай кырсыктарды жана кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу болуп саналат. Андан тышкары жарандарга ок атуучу куралдарды сактоо жана колдонуу эрежелери менен тааныштырды. Бул “Арсенал” рейддик иш-чарасы Талас ОИИБдин демилгеси менен шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө  уланууда.