Кыргызстанда жыл башынан бери 54 миңге жакын жаранга пенсия чектелди

Социалдык фонд үстүбуздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 53 миң 432 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде сентябрда 3 миң 864 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 730 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.