ЖКККББ: Жүргүнчү ташыган унааларга рейд жүргүзүлүп, 1,4 млн сомго айып салынды 

 Жүргүнчүлөрдү ташыган унааларга рейд өткөрүлүп, 1 млн 410 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан өлкө аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторго карата “Жүргүнчүлөдү ташуу” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Анда жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин жана лицензиялык талаптардын сакталышы, мыйзамсыз жана уруксатсыз кошумча жабдыктарды орнотуп алуу, ылдамдыкты ашырып айдоо, унаанын техникалык абалы текшерилип, аныкталган кемчиликтер үчүн 780 укук бузуулар тууралуу протоколдор түзүлүп, жалпысынан 1 млн 410 миң сомго айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн рейдтик иш-чаралар мындан ары да улантылат.