Камчы Көлбаев Чолпон-Атада акыркы сапарга узатылып жатат

Бүгүн, 5-октябрда маркум Камчы Көлбаевдин Чолпон-Атадагы үйүндө аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдык көрүлүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.

Маалыматка караганда, кримтөбөлдүн сөөгү бүгүн жерге берилет.

Кечээ, 4-октябрда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин сөөгү туугандарына өткөрүп берилген. Бул маалыматты Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан тастыкташкан.

4-октябрда саат 15:30 чамасында Бишкектин Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Блондер паб» ресторанында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармоо операциясы жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Соцтармакта кармоо операциясынын жүрүшүнөн ок атышуунун үндөрү угулган видеолор да тараган.